Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин чакыруусу менен Тажикстанга расмий сапар менен барат. Республиканын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кытайлык дипломаттын сапары 18-19-майга белгиленген.

Визиттин жүрүшүндө Ван И тажик кесиптештери менен Кытай менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашы күтүлүүдө. Сапардын алкагында Кытайдын тышкы иштер министри менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуулары, ошондой эле Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сирожиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрү пландалган.
Маалым болгондой, иш сапардын негизги учурларынын бири Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы жакынкы эки жылга (2024-2025-жылдарга) кызматташуу программасына кол коюу болот. Бул документке кол коюу Кытай менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган.
Сүрөт: AP Фото/Татан Сюфлана