Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлору жана делегация башчылары менен жолугушту. Жолугушууда ЭКУ алкагында кызматташуунун маанилүү маселелери, ошондой эле аймактагы мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда прокуратура органдарынын ролу талкууланды.

Президент экономикалык өсүшкө жана элдин бакубаттуулугуна жетишүү үчүн ЭКУнун алкагында тынчтык менен туруктуулуктун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле региондун эбегейсиз экономикалык потенциалы жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо боюнча жооптуу милдеттерди аткарууда прокуратуранын маанилүү ролу талкууланды.

Эмомали Рахмон ЭКУга мүчө-өлкөлөрдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого көмөктөшүүчү кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынарына ишеним билдирди. Жолугушууда ошондой эле дүйнөдөгү татаал саясий кырдаалдын шартында мамлекеттердин, өзгөчө алардын тармактык органдарынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Фото: Тажикстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы