Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Казакстанда туруктуу эпидемиологиялык абалды камсыз кылуу жана келечек муундун саламаттыгын сактоо максатында вакциналардын жана медициналык буюмдардын кошумча көлөмүн сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө токтомго кол койду.
Улуттук эмдөө календарынын алкагында мурда эмдөөдөн өтпөй калган 18 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн Өкмөттүн резервинен 5,8 миллиард теңге бөлүү пландаштырылууда.

Учурда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө эмделбеген 800 миңден ашуун бала бар. Эмдөө көк жөтөл, дифтерия, вирустук гепатит А жана В, кызамык, селейме, полиомиелит, паротит жана гемофиль инфекциясы сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы жүргүзүлөт.
Резервдик каражаттарды түздөн-түз облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын акимчиликтерине жана борборго жөнөтүү пландаштырылууда. 747 720 доза вакцина жана 542 592 шприц сатып алуу күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Казакстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташканы белгиленди. 2 айда оорунун көрсөткүчү 32 пайызга төмөндөгөн. 1,3 миллионго жакын адам, же калктын 91 пайызы эмдөөдөн өткөн.
Ошол эле учурда башка инфекцияларга чалдыккандардын көбөйүшү катталууда. 2023-жылы көк жөтөл менен ооругандардын 91% эмделбеген балдар болгон. Кызамык, эпидемиялык паротит жана вирустук гепатит А боюнча да көбөйүү байкалат.
Өкмөт башчы Олжас Бектенов Саламаттыкты сактоо министрлигине жана акимчиликтерге коркунучтуу инфекциялардын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн өз убагында эмдөө жүргүзүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну жана ар бир облуста эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.