Казакстандын президенти легендарлуу советтик хоккейчи В.Третьяк менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчысы акыркы жылдары Казакстанда хоккейдин географиясы кыйла кеңейгенин белгиледи. Казакстандын хоккей командалары, анын ичинде Астананын «Барыс» клубу КХЛ чемпионатына жана башка турнирлерге катышат. Улуттук курама команда дүйнөлүк чемпионаттарда да ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Мунун баары өлкөдө хоккейдин популярдуу болушуна оң таасирин тийгизүүдө.

Казакстанда хоккей мектептеринин жана жаштар командаларынын саны кескин көбөйүп, ар кандай деңгээлдеги мелдештер активдүү өткөрүлүүдө.
Өз кезегинде Владислав Третьяк Казакстандын лидерине Астанада өткөн Qazaqstan Hockey Open 2024 эл аралык турнирин меймандостугу жана жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекеттин командалык спортко көңүл бургандыгынын аркасында казакстандык хоккейдеги олуттуу прогресс белгиленди.
Сүрөт: Akorda.kz