Май айында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Корея Республикасынын соода, өнөр жай жана энергетика министри Ан Дук Гын менен жолугушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергиянын натыйжалуулугу, жаңы технологиялар, тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелери каралды.

Т.Ибраев белгилегендей, Кыргызстан электр энергиясынын 80 пайыздан ашыгын экспорттойт жана Борбордук Азиядагы суу ресурсу боюнча алдыңкы орунда турат. Министр ошондой эле күн энергиясы жана шамал энергиясы сыяктуу башка кайра жаралуучу энергия булактарында олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар климаттык кризиске жооп кайтаруу жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо энергияны үнөмдөө саясатын илгерилетүү, ошондой эле тажрыйба жана акыркы технологиялар менен алмашуу багытында биргелешип иш алып барууга ниеттенип жатканы белгиленди.
Ан Дук Гын Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Т.Ибраевди ушул жылдын 4-6-сентябрына чейин Пусан шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышып, активдүү колдоо көрсөтүүнү суранды.
Т.Ибраев өз кезегинде Ан Дук Гынды 2024-жылдын 10-11-июнунда Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык форумга чакырды.
Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги