Май айынын ортосунда Дүйшөмбү шаарында Тажикстан Республикасынын Башкы прокурору Юсуф Рахмон менен Түркия Республикасынын Жогорку Апелляциялык сотунун башкы прокурору Бекир Шахиндин жолугушуусу болуп өттү.
Жыйында терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү жана бүткүл адамзатка олуттуу коркунуч туудурган эл аралык кылмыштардын жана башка трансулуттук кылмыштардын көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле камактагыларды өткөрүп берүү жана экстрадициялоо, издөөдө жүргөн Тажикстан Республикасынын жарандарын издөө жана кармоо маселелери каралды.
Кылмыш иштерин иликтөө жана кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында эки органдын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты