Кыргызстан менен Кытай жаңы чек ара бекетинин курулушун баштоону пландоодо — ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Кытай жаңы чек ара бекетинин курулушун баштоону пландоодо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы боюнча ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.

Жыйынга жооптуу мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топтун ишинин алкагында «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пункту жана чек ара жана бажы көзөмөлү объектилери жайгаша турган жерлер изилденди. Ошондой эле Барскоон – Үчтурфан – Аксуу автожолун куруунун маршруту жана бул объектилердин иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктураны куруунун келечеги каралат.

Буга чейин, 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун КЭРге болгон иш сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосунда жаңы өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: