Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына иш сапары менен барып, кыргыз делегациясы менен бирге, бир катар өнөр жай ишканаларында болду.
Зеленодольск индустриалдык паркындагы Tatlift өндүрүштүк заводунда коноктор толук циклдүү лифттерди чыгаруу менен таанышты. Татар компаниялары менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Андан соң делегация халал стандарты боюнча иштеп жаткан ITLE даяр тамак-аш ишканасына барышты. Алар өндүрүш кандай жүргүзүлүп жатканын көрүп, анын кубаттуулугун баалашты.
Андан соң делегация Зеленодольскиде М.В. Ломоносов атындагы №18 көп тармактуу лицейге барышты. Мекеме класстар, бассейн жана актовый залы бар кенен мейкиндик. Ломоносов атындагы лицей окуучулардын муктаждыктарына багытталган экосистемасы үчүн бийик бааланды.
А.Касымалиев эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин алкагында Кыргызстанда тогуз мектептин курулушу боюнча маалымат берди. Ломоносов атындагы лицейдин тажрыйбасын жана системасын жаңы окуу жайларын курууда колдонууга болорун белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары лицейде билим алуу шарттары Кыргызстанда ыңгайлуу жана кызыктуу билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн үлгү боло аларына ишенимин билдирди.