Бишкекте сүрөтчү Аман Асранкуловдун 85 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат – ИА Караван Инфо
Бишкекте сүрөтчү Аман Асранкуловдун 85 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 24-декабрда сүрөтчү Аман Асранкуловдун 85 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу музейден кабарлашты. 

Көргөзмө 12-январга чейин уланат.

Аман Асранкулов 1939 жылы 24-декабрда Фрунзе шаарында туулган.

Анын эмгектери кыргыз искусствосунун жетишкендиктеринин катарында Европа жана Азиядагы чет элдик көргөзмөлөргө коюлуп бир нече жолу көргөзмө дипломдору жана өкмөттүк сыйлыктары менен сыйланган.

Эң мыкты чыгармалары «Тыттын жалбырагын кесүү», «Тешеевдин портрети»,

«Тамекини пресстегендер», «Чапкычтар», «9-май», «Эне», «Жип ийирүүчү», «Кызымдын портрети», «Реквием» жана башка чыгармалары Кыргыз сүрөт искусствосунун алтын казынасына киргизилген. Россиянын мамлекеттик Третьяков галереясында, Москвадагы Мамлекеттик Чыгыш искусство музейинде, бир нече СНГ жана бир катар өлкөлөрдүн менчик коллекцияларында, Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Т.Садыков атындагы Ош көркөм сүрөт музейинде (100дөн ашык) А. Асранкуловдун сүрөттөрү сакталууда.

Чыгармачылык кучү өсуп турган кезде ал 1998-жылы 25 январда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

А. Асранкулов ХХ кылымдын акыркы үчүнчү бөлүгүндөгү кыргыз сүрөт өнөрүнүн эң таланттуу живописчилеринин бири. Билимдүү интеллектуал, өтө мыкты кесипкөйлүккө ээ болгон сүрөтчү аркасына азыркы мезгилдеги дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн деңгээлиндеги эмгектерин калтырып кеткен.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: