Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков жана КР ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматынын башчысы Александр Иванов Москвада өткөн жумушчу кеңешмеге катышты.
ИИМден кабарлашкандай, иш-чара Россия Федерациясынын ички иштер министринин орун басары Виталий Шуликтин төрагалыгы астында өттү.
Кеңешме министрлердин орун басарлары жана Борбордук маалыматтык кызматтардын жетекчилери жетектеген КМШга катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын делегацияларын бириктирди.
Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн КР Ички иштер министринин орун басары азыркы дүйнө жаңы чакырыктарга туш келип жатканын, алар ыкчам чечимдерди жана өлкөлөр ортосундагы тыгыз байланыштуу аркеттерди талап кыларын белгиледи.
«Бул эл аралык деңгээлдеги жолугушуу бизге дүйнөдөгү тез өзгөрүп жаткан кырдаал жана трансулуттук коркунучтардын өсүшү шартында мамлекеттерибиздин алдында турган маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулоо үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи Суюнбек Ниязбеков.
Кеңешмеде КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ыкмалар жана механизмдерди иштеп чыгууга бурулду.
Жумушчу сапар алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун Борбордук музейин жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва университетинин 1-окуу корпусун көрүп чыгышты. Экскурсиянын жүрүшүндө делегаттарга курал-жарактын, кийим-кечектин жана атайын техниканын заманбап үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
