Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен облустарында бирден, Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Ысык-Көл облустарында экиден, ал эми Чүй облусунда алты тилсиз жоо катталган. 

Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: