Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды – ИА Караван Инфо
Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кубанычбек Ысабеков министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Салык кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 23-декабрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын МСКнын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жамаатка тааныштырды.

Салык кызматынын башчысы жаңы дайындалган жетекчинин орун басары өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага жана кесиптик билимге ээ экендигин баса белгиледи.

Ал К.Ысабековдун салык системасы, анын процесстери жана Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен жакшы тааныш экендигин белгиледи.

Кубанычбек Ысабеков буга чейин КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: