Бишкекте балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык балаты өттү – ИА Караван Инфо
Бишкекте балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык балаты өттү

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн балдар үчүн салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, майрамдык иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө узап бара жаткан жылда өлкөбүздө кандай иштер жасалганын жаңылык катары айта кетти. 

“Узап бара жаткан жылда биз жашап жаткан Кыргызстаныбыздын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгын белгиледик. 100 жылдыкка карата ондогон мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар ачылды.

Жаңы имараттар курулуп, парктар жаңыланды, унаа жолдорубузга асфальт төшөлүп, шаарларыбыз жаркырап калды. Биз, “балдарыбыздын мектептери жаңырсын, жаңы китептер менен окусун, дене тарбия сабактары жаркыраган спорт залдарда өтсүн” деп бардык аракетибизди көрүп жатабыз.

Спортчуларыбыз тыным албай машыгып, эл аралык мелдештерде алтын, күмүш, коло медалдарды утуп, өлкөбүзгө сыймык алып келип жатышат.

Жогорку окуу жайларынын студенттери, мектептеги силердин байке-эжелериңер дагы китептерди көп окуп, катуу даярдык менен барып, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушту,

Кыргызстаныбыздын желегин бийик желбиретишүүдө.

Мынакей араңарда эл аралык олимпиадаларга катышып, олжолуу кайткан окуучулар дагы олтурат.

Жанараакта көрдүңөр, “Ди-биллионс” аттуу өнөрлүү балдар дүйнөгө Кыргызстандын атын даңазалап келишет.

“Шаттык”, “Дилгир”, “Ак шоола” жана башка ыр-бий ансамблдерде силердин досторуңар, классташтарыңар, тааныштарыңар өз өнөрлөрү менен дүйнө кыдырып жүрүшкөнүн жакшы билесиңер.

Ал эми силер, менин кичинекей досторум, өлкөбүздү өнүктүрүш үчүн, Кыргызстанды даңктап-даңазалап, кызыл желегибизди бийик желбиретиш үчүн эң биринчи кезекте мектепти жалаң “5” деген бааларга окушуңар керек.

Мектепте жакшы окуган, таланттуу балдар кийин жогорку окуу жайларга кыйналбай өтүшөт, ал жактан дагы жакшы окушат, аягында жакшы кесиптин ээси – жакшы адис болуп чыгышат”, – деди мамлекет башчысы. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: