24-майда Кытай менен АКШнын өкүлдөрү видеоконференция аркылуу деңиз маселелери боюнча эки тараптуу консультациялардын экинчи раундун өткөрүштү. Сүйлөшүүлөргө Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чек ара жана деңиз иштери боюнча департаментинин директору Хун Лян жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кытай боюнча координациялык кеңсесинин башчысы Марк Ламберт катышты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен билдирүү жарыялап, тараптар деңиздеги абалды жана ага байланыштуу маселелерди талкуулашканын, ошондой эле диалогду жана кызматташтыкты улантууну макулдашты.
Билдирүүдө АКШнын Кытай менен коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы деңиз талаштарына кийлигишпөөсү, Кытайды көзөмөлдөө үчүн деңизди колдонбоосу, аймактык тынчтык менен ырааттуулукка шек келтирбөө керектиги айтылат.
Сүрөт: russian.people.cn