Садыр Жапаров Корея президентинин м.а. Чхве Сан Мокуга көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты.
“2024-жылдын 29-декабрында Корея Республикасынын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/