Президент: «Үлүш,» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула – ИА Караван Инфо
Президент: «Үлүш,» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула

Жакында эле социалдык тармактарда абактагылар аёосуз сабалып, телефондорду алуу үчүн жашаган жерлери тинтүүгө алынганы, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганы тууралуу маалыматтар тараган. Бул боюнча “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаров комментарий берген. 

“Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат”, – деди мамлекет башчысы. 

Президенттин айтымына караганда, мамлекеттик кызматтагылар көп алданышат.

“Биринчи айымдын атын айтып, «Сени небересинин тушоо тоюна чакырып жатат, 30 миңден чогултуп жатабыз» десе 30 миң сом бере салган өзүбүздүн эле жакын тааныш эжебиз да бар. Анысынан да кечинде той көйнөгүн кийип алып, түнкү саат 10го чейин качан чакырат деп күтүп отурганычы. Күтө берип тажап, анан телефон чалса өчүк. Ошондо алдамчыларга туш болгонун түшүнүп атпайбы”, – деп мисал келтирди ал. 

Садыр Жапаров криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт тургандыгын билдирген. 

“Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат.

Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү. Мурдагыдай инвесторлорду, бизнесмендерди тоногон криминалдар болбош керек. Эгер кимдир бирөөлөр бизнесмендерден, ресторандардан, базар ээлеринен «үлүш, отметка» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула.

Чагылгандай тездик менен чара көрүлөт. Эгер кайсы бир бизнесмен же базар ээлери өздөрү «отметка» бергенин билип калсак, жазага тартылышат.

Азыр биз түрмөлөрдүн ичин толугу менен оңдоп-түздөп, өндүрүштүн түрлөрүн ачып берип жатабыз. Иш жакшы кетти. Буйрутмалар абдан көп. Түрмөдө отургандар иштеп акча табышсын. Сырттагы үй-бүлө, туугандарын кыйнап «тамак киргиз, кийим киргиз» дебестен, түрмөдө отуруп алып сырттагы үй-бүлө, бала-чакасына акча жиберип турушсун деп шарт түзүп берип жатабыз.

Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз”, – деди ал. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: