Кыргызстан менен Түштүк Корея өрт коопсуздугу жаатында кызматташууну бекемдөөдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Кёнги провинциясынын Өрткө каршы кызматынын ортосундагы өрт коопсуздугу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун колдоо чечимин кабыл алды.

Бир катар негизги багыттарда, анын ичинде жабдууларды берүү, маалымат алмашуу, өрт өчүрүү системаларын чыңдоо жана илимий-изилдөө программаларын иштеп чыгуу боюнча кызматташтыкты олуттуу кеңейтүү пландаштырылууда. Жаңы келишим өрттү натыйжалуу өчүрүүнү камсыз кылуу жана Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаалдардан коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.