Бишкекте КЭУнун чатырынан өрт чыкты – ИА Караван Инфо
Бишкекте КЭУнун чатырынан өрт чыкты

Бишкектин Чүй проспекти жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстан Эл аралык университетинин чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Болжол менен саат 13:30да чыккан жалын туура бир сааттан кийин, тактап айтканда саат 14:30да толугу менен өчүрүлгөн. 

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм жана Штаб тартылган. 

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 50 чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: