Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районуна караштуу Алдаркино айылынын жанында 2024-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып, унаа ташыган машинаны сүзүп алган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.
Россиянын компетенттүү органдарынан алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны каза болгон. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. 1 жашы жете элек бала денесинен жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Орусиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери менен байланыш түздү.
Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам жөнөп кетишти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/