Экологиялык зыян. Былтыр 22 млн. сомго айып салынды
Кыргызстанда 2024-жылы жалпы экологияга зыян келтирген фактылар боюнча 968 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Анын айтымына караганда, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 807 акт түзүлдү. Жалпы суммасы 22 млн. 332 миң сомго айып салынды.
“2025-жылы жогоруда айтылган багыттар боюнча иштер уланып, мындан дагы алгылыктуу ийгиликтерге жетишебиз деп терең ишенем”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/