2,5 млн. кыргызстандык санариптик кол тамганы колдонот
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, 2024-жылы ведомство 700дөн ашык документти электрондук форматка өткөрдү. Эми документтерди кагаз түрүндө сактоонун кажети жок.
“Керектүү документти мурункудай 5-7 күндө эмес, бир нече саатта ала аласыз, бул кагаз жана логистика боюнча жыл сайын 1 млрд. сом үнөмдөөгө шарт түзөт”, – деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле министрлик “Түндүк” тиркемесине 171 кызматты кошту.
Бир жылдын ичинде 3500 чакырым жаңы линия тартылып, жети жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды.
25, млн. кыргызстандык санариптик кол тамганы колдонууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/