Бишкекте заманбап IT-хаб курулат – ИА Караван Инфо
Бишкекте заманбап IT-хаб курулат

Кыргызстан KOICA менен биргеликте Бишкекте заманбап IT-хаб курат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ведомства бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Корея тараптан 14 миллион доллар грант түрүндө алуу боюнча алдын ала макулдугуна жетишти.

“Бул Корея менен Кыргызстандын 20 жылдан ашык кызматташуу тарыхындагы эң масштабдуу долбоор болуп саналат”, – деп кошумчалашты СӨПтүн басма сөз кызматынан. 

Министрликтин курулуш иштери качан башталары тууралуу азырынча маалымат беришкен жок. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: