2024-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги руханий байлыктарга жана техникалык базаны чыңдоого чоң көңүл бөлдү. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Анын айтымына караганда, 446 млн сомго заманбап техникалар сатып алынып, маданият мекемелеринин жабдуулары жаңыланды.
“Тарыхый мурастарды сактоого 585 млн сом бөлүнүп, археологиялык казуулар жүргүзүлүүдө. Спорт тармагында 16 спортчубуз ийгиликтерге жетип, өлкөбүздүн намысын коргоду. Жаштар саясаты боюнча жаңы программалар ишке ашырылууда, кино тармагында бюджет 38% көбөйтүлдү. Манас театры ачылып, А. Изибаев атындагы цирк капиталдык ремонттон өткөрүлдү”, – деп, министр жаңы билим берүү мекемелери курулушу пландалып жаткандыгын кошумчалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/