Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош, Жалал-Абад, Баткен облусуна болгон иш сапарында III Элдик курултайга келип, айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар менен жолугушту.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда аларды кызыктырган суроолорго жеринен жооп берүүдө.
Жолугушуу учурда Бакыт Төрөбаевге элеттиктер суу каналдарды куруу, таза суу системасын орнотуу, таза суу менен камсыз кылуу, ветеринария, кайра иштетүү өнөр жайы, продукцияны сатуу жана башка маселелер менен кайрылышып, министр көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады.
Мисалга алсак, Алай району боюнча 2025-жылга 35,6 км чарба аралык каналдардын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин аткаруу мерчемделсе, Кара-Кулжа районуна караштуу Каракулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Кеңеш айыл аймагынын жерлерин сугаруу үчүн узундугу 40 чакырым канал курулуш иштери аткарылууда. Курулуш иштери 2025-жылы аяктайт.
Ошондой эле, “Кызыл-Жар айыл округунун Ак-Тектир Терек-Талаа каналдарын калыбына келтирүү” объектиси боюнча Ак-Тектир каналы толугу менен бүткөрүлгөн жана 2025-жылы сугат мезгилине чейин канал ишке берилэри айтылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/