Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтөт – ИА Караван Инфо
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтөт

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 8-январында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: