ӨКМде кышкы окуу мезгили башталды
Бүгүн, 8-январда Республика боюнча ӨКМдин аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын баалоо максатында кезектеги кышкы окуу мезгили башталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата мерчемделген практикалык окутуулар өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатууга, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну мыкты деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.
Кышкы окуу мезгили аскер кызматындагы куткаруучулардын күжүрмөндүгүн бекемдейт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/