Бишкекте “Марска учкан кыргыздар” тасмасы көрсөтүлөт – ИА Караван Инфо
Бишкекте “Марска учкан кыргыздар” тасмасы көрсөтүлөт

Бишкектеги “Манас” кинотеатрында бүгүн, 8-январда “Марска учкан кыргыздар” тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган тасма илимий фантастика менен комедияны өзгөчө стилде айкалыштырып, кыргыз киносунун мейкиндигин кеңейтет.

Адаттан сырткаркы сюжет, күлкүлүү каармандар жана космостук окуялар кыргыз киносун жаңы деңгээлге көтөрүп, дүйнөгө жаңычылдыгын көрсөтөт. Бул кыргыз киносунун келечеги, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана жаш муундун чыгармачылык потенциалын ачууга жол.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: