Эске салабыз! Кыргызстанда 11-январь жумуш күнү болот
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 11-январь күнү (ишемби) жумуш күнү деп эсептелет. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет.
3-январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу практикасын алып салуу пландаштырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/