Бишкек электр тармактар ишканасы аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында энергетиктер күнү-түнү өз ишин жүргүзүүдө.
Кескин суукка байланыштуу “КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында жооптуу кызматкерлердин кезмети уюштурулду.
Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам-чыгуучу бригадасы нөөмөттө турушат.
Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды.
Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/