Өзбекстандын аймагында Кыргызстандын А.к.М., аттуу жараны жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-январда катталган.
Кыргызстандын Өзбекстанстандагы элчилиги тарабынан Өзбекстандын компетенттүү органдарынан алган маалыматка ылайык, Дангара райондук ооруканасына Кыргызстанданы жараны А.к.М баш жана ички органдардын жаракаттары менен жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ошол эле күнү ага операция жасалып, учурда жалпы палатага которулган. Абалы оор деп бааланууда.
Жабырлануучу А.к.М. дарыгерлердин такай көзөмөлүндө жана дарылоосунда, жанында тууганы карап турат.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги медицина кызматкерлери жана жабырлануучунун жакындары менен дайыма байланышта экенин билдирет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/