Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 8-январда министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен аппараттык жыйын өткөрдү.
Жыйында 2025-жылга карата иштин негизги приоритеттери аныкталды.
Министр кызматкерлерге мамлекет башчы кол койгон, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзам тууралуу маалымат берди.
Равшанбек Сабиров бул Мыйзам коррупциялык кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга жазаны күчөтүп, чектөө киргизерин белгиледи.
“Эгер кимдир бирөө коррупцияга аралашса, сиз да, сиздин туугандарыңыз да мамлекеттик кызматта иштей албайт. Биз жөлөкпулдарды, социалдык контракттарды, майыптыкты жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоодо мыйзам бузуу учурларын аныктайбыз. Бул мыйзам бузуулар кайсы жерде болбосун — айылда, райондо же шаарда — күнөөлүүлөр жазаланат”, — деди министр.
Министр 2025-жылы күчүнө кирген россиялык миграциялык мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелге кабылган кыргызстандыктарды колдоону дагы бир маанилүү иш багыты катары атады. Ал Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.
«Россияда 72 миңге жакын кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды бузгандыктан тобокелчиликке кабылды. Аларга укуктук жактан колдоо көрсөтүү, ошондой эле мекенине кайтып келүү жана ишке орношуу үчүн шарттарды түзүү зарыл», – деп белгиледи министр.
Министр үчүнчү Элдик Курултайда мигранттар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин чечилишине өзгөчө көңүл бурду.
«Курултайда көтөрүлгөн бир дагы маселе чечилбей калбашы керек», – деди министр Р.Сабиров.
Министр үй-бүлө институтун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, профилдик башкармалыкка бул багытта максаттуу иш алып барууну тапшырды. Бул иштин алкагында кыргыз элинин тарыхый салттарын жана маданиятын сактоо жана жайылтуу максатында белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар жана маданий ишмерлер, эксперттер менен иш алып баруу керек. Кылымдар бою муундан муунга өтүп келе жаткан баалуулуктардын негизинде улууларды урматтоого жана жаштарды тарбиялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Үй-бүлө институту бул түбөлүктүү салттарды жана нормаларды сактоо үчүн негиз болушу керек.
Райондук бөлүмдөрдүн кыш мезгилиндеги ишин уюштуруу жөнүндө да айтылды. Ал аймактык бөлүмдөргө социалдык тармактар аркылуу кайрылган жарандарга активдүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Жыйындын соңунда министр министрликтин кызматкерлерин ишинин натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатууга жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга чакырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/