Камчыбек Ташиев Испанияда КРнын жаштар курамасынын окуу-машыгуу жыйынына баш бакты
Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы 9-январда Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан окуу машыгуу жыйыны алкагындагы алгачкы контролдук беттешин өткөрдү.
Оюн испандык «Картахена» клубуна каршы өттү. Аталган беттешке Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күбө болуп, ал курама командабыздын 5-0 ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады.
Оюндан соң КФБ жетекчиси футболчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында команданын Азия Кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/