Шайлоодо добушун саткандар 20 миң сом айыпка жыгылат – ИА Караван Инфо
Шайлоодо добушун саткандар 20 миң сом айыпка жыгылат

Кыргызстанда шайлоолордо добушун саткан шайлоочуларды жазалоо каралууда. Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. 

Ага ылайык, шайлоо учурунда өз добушун акчага, материалдык баалуулуктарга, кайсы бир кызмат көрсөтүүлөргө, жеңилдиктерге же башка пайданы көздөп сатуу 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айыппул төлөөгө алып келет же 120 саатка чейин мөөнөттө милдеттүү түрдө коомдук жумуштарга тартылат. 

Ошол эле учурда шайлоочу эгер добуш сатып алууга болгон аракеттер тууралуу тийиштүү кызматтарга өз убагында, иликтөө иштери башталганга чейин маалымдаса, анда ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. 

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду жана Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: