КФБ «Кыргызалтын» футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды – ИА Караван Инфо
КФБ «Кыргызалтын» футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды

9-январда Кыргыз футбол биримдиги «Кыргызалтын» клубунун өкүлдөрүнө тааныштыруу жолугушуусун өткөрдү. Иш-чаранын алкагында клубдун жетекчилери жана кызматкерлери КФБ академиясынын инфраструктурасы менен: мейманкана комплекси, спорт комплекси, машыгуу залы жана футбол талааларынын жана КФБнын административдик кеңсесин көрүп чыгышты.  

Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдигинин карамагында иш алып барган профессионалдык футбол лигасы, балдар жана кыз-келиндер лигалары, футзал ассоциациясы, КФБнын Техникалык, Калыстар, Мелдештер, Юридикалык жана Каржылык департаменттер сыяктуу профилдик бөлүмдөрү менен жолугушуулар болуп өттү. Катышуучулар өз суроолорун берип, толук жоопторду алышып, мындан аркы биргелешкен ишмердүүлүктү талкуулашты.  

Иш-чара учурунда КФБнын Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев конокторду жылуу кабыл алып, мындай жолугушуулардын кызматташтыкты чыңдоодо чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдиги профессионалдык футболду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү иш алып баргандыгын белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: