Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) кызматташтыкты талкуулган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага иранспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков катышты.
Жыйында жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүү, кырсыктарды алдын алуу, жол кыймылынын эрежелери жөнүндө калкка маалымат жеткирүү жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Министр Абсаттар Сыргабаев отурумда көтөрүлгөн айрым көйгөйлөрдү кыска аралыкта жоюу боюнча чаралар жүргүзүлө тургандыгын билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/