Казакстандын президенти КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды – ИА Караван Инфо
Казакстандын президенти КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

Казакстанга расмий сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, министр Казакстандын лидерине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоду. 

Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: