Чүй облусунда 2024-жылы 200 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды – ИА Караван Инфо
Чүй облусунда 2024-жылы 200 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Э.Жакыпов катышуусунда болуп өттү, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.Мурсалиев жана милициянын подполковниги К.Дуйшеев жана ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары офицердик курам катышуусунда 2024-жылдын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 200миң 816 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Алардын ичинен:

Мас абалында унаа башкарган – 2250 айдоочу;
Автоээнбаштык жасаган – 53 айдоочу;
Тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 4615 айдоочу;
Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар – 10 416 факты;
Терезелерин караңгылаткан – 365 айдоочу;
Жол белгилерине баш ийбеген –59 636 айдоочу;
Ылдамдыкты ашырып айдаган – 86 790 айдоочу;
Башка жол эрежелерин бузган – 7 942 айдоочу.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4615 унаа айып короо жайына токтотулган.

Кеңешменин соңунда Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Э.Жакыпов орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактарды күчөөтү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды койду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: