Орусия британ саясатчыларынын, журналисттеринин жана эксперттеринин санкциялык тизмесин кеңейтти — ИА Караван Инфо
Орусия британ саясатчыларынын, журналисттеринин жана эксперттеринин санкциялык тизмесин кеңейтти

3-майда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британ жарандарына карата санкциялык тизме кеңейтилгенин жарыялады. Алардын арасында саясатчылар, эксперттер жана журналисттер болгон.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында «Британиялык чиновниктердин Орусияга каршы чагымчыл риторикасы жана Лондондун Украинага мындан аркы аскердик жардам көрсөтүү боюнча практикалык кадамдары британ жетекчилигинин биздин өлкө менен катуу системалык тирешүүнү улантууга тынымсыз көңүл буруп жатканын айгинелейт» деп жазылган билдирүүдө.”

Бул чектөөлөр мамлекеттин достукка жатпаган аракеттерине жооп катары киргизилген. Тизмеге кирген британиялыктардын так саны айтылган эмес.

error: