Ысык-Көлдө куткаруучулар кышкы аскердик окуудан өтүүдө – ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө куткаруучулар кышкы аскердик окуудан өтүүдө

Куткаруучулардын күжүрмөн жана атайын кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жана райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө атайын даярдык сабактары өтүлүүдө. 

ӨКМден кабарлашкандай, анда өздүк курамдын саптык тизилүүсүнөн баштап, күжүрмөн даярдыктарын жогорулатуу тажрыйбалары үйрөтүлүп жатат.

Ошондой эле окутуунун алкагында куткаруучулар өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда калкты жана аймактарды коргоого багытталган ыкчам иш аракеттерди туура жүргүзүү, куткаруу ишиндеги билимдерин бекемдөө жана жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сабактар жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 8-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча түзүмдүк бөлүктөрүндө, аскердик бөлүктөрүндө быйылкы жылдын кышкы окуу мезгили башталган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: