Өткөн май айында Казакстанда инфляциянын тенденциялары басаңдаганын көрсөткөн, бул тууралуу Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттиктин Улуттук статистикалык бюросу билдирди. Айлык инфляция 0,4 пайызды түздү, мында азык-түлүк товарларына баалар 0,2 пайызга төмөндөдү, азык-түлүк эмес товарларга 0,5 пайызга өсүш катталды, ал эми акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр 1 пайызга кымбаттады.

Бюро жашылчалардын, дан эгиндеринин, жумуртканын жана майдын баасынын арзандагандыгын белгиледи. Анын ичинде бадыраң 29 пайыз, капуста 19,1, помидор 15,4 пайызга арзандады. Бирок пияздын, картошканын, кызылчанын, сабиздин кымбаттаганы байкалган.
Турак жай-коммуналдык чарба тармагында таштанды чыгарууга тарифтер, домофон жана электр энергиясы үчүн төлөмдөр бир топ жогорулады. Ал эми аймактар боюнча алганда эң жогорку айлык инфляция өлкөнүн борборунда белгиленсе, эң төмөнкү көрсөткүч Улуутау облусунда катталган.
Жылдык инфляция 8,5 пайызды түздү, баанын негизги өсүшү Атырау жана Батыш Казакстан облустарында катталган.