Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Япониянын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министринин улук вице-министри менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Япониянын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министринин улук вице-министри менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады

3-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Япониянын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министринин улук вице-министри Цудзи Киото менен жолугушуу болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-япон өз ара аракеттешүүсүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз саясий байланыштарды, ошондой эле “Борбор Азия + Япония” Диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулду.

Ошондой эле жапон тарап пландалган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чаралар тууралуу маалымат берип, кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине ишеним билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелери талкууланып, энергетика жана экология тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечеги да каралды. Тараптар бул негизги багыттарда тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүдөгү дагы бир кадам, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын умтулуусун чагылдырды.

Сүрөттө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги

error: