Сынактарды тапшырбастан айдоочулук күбөлүктөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Аталган маалымат жалган жана чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, автомектепте ийгиликтүү окуудан өтүп, айдоочулук күбөлүктү алууга квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин гана айдоочулук күбөлүктү алса болот.
“Бул процесс мыйзам тарабынан катуу көзөмөлгө алынган жана сынактарды тапшырбастан айдоочулук күбөлүктү алуунун башкача жолдору жок. Бардык жарандарды көңүл бурууга чакырабыз, ушул өңдүү ушактарга ишенбеңиз. Шектүү сунуштар пайда болгон учурда, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Муну менен бирге, КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, билип туруп жалган документти пайдалануу үчүн эркиндигинен ажыратууга чейин жоопкерчилик каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/