2024-жылы жалпы республика боюнча жаңы 59 айыл чарба кооперативи түзүлүп, иштеткен жеринин аянты 4500 га, мүчөлөрүнүн саны 413дү түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Министрликтин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү Программасын” региондордо ишке ашыруу ишин алып барууда.
Кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/