Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө багытталган пилоттук долбоорунун алкагында (Кадамжай, Талас, Сокулук жана Кочкор райондорунан, Бишкек, Токмок шаарларынан) 17 стажер стажировкадан өткөндөн кийин уюмдарга ишке орношкон. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Жаштар стажировкасы” долбоору республиканын 30 районунда башталган жана жаштарга практикалык тажрыйба берүүгө, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, турмуштук көндүмдөргө ээ болууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
2024-жылдын 18-ноябрынан 30-декабрына чейин долбоордун алкагында стажировкага 399 адам жөнөтүлгөн.
Кесиптерге, адистиктерге карата стажировка багыттары төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлдү: тигүү ишканаларына 25,8%, жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө 12,3%, ветеринардык кызматтарга 7,5%, билим берүү мекемелерине (мугалимдер жана тарбиячылар) 6,3%, банк мекемелерине 5,8%, сулуулук салондоруна 5,5%, саламаттык сактоо чөйрөсүнө (медициналык айымдар) 4%.
Долбоор, ошондой эле стажерлорго каржылык колдоо көрсөтөт. Биринчи 180 катышуучуга 8600 сом өлчөмүндө стипендия төлөндү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаштарга эмгек рыногуна ыңгайлашууга, кесиптик тажрыйба топтоого жана өз потенциалын ишке ашырууга жардам берүү менен колдоо көрсөтүүнү улантууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/