Тармактык комитетте «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды – ИА Караван Инфо
Тармактык комитетте «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат ошол менен жогоруда аталган мүлктү жакшыртуу жана тейлөө үчүн пайдаланылат.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен КРнын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине 153-беренеге КРнын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында, ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысынан, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысынан тышкары, мамлекеттик менчикте турган мүлктү ижарага берүүдөн республикалык бюджетке ижара акысынын түшүүсүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар Камила Талиева, Жумабек Салымбеков, Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик мүлктү жана жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартибине көңүл бурушту. Ал эми эл өкүлү Бекмурза Эргешов мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн республикалык бюджетке ижара акынын түшүүсүнө байланышкан маселени көтөрсө, депутат Дастан Бекешев мамлекеттик мүлктү ижарага берүү максатында аукцион өткөрүүдөгү коррупциялык тобокелдиктерге токтолду.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин тѳрагасы тарабынан демилгеленген «2024-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу»; «2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»; «2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Долинка» подстанциясын модернизациялоо жана «Речная» подстанциясын реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Долинка» подстанциясын модернизациялоо жана «Речная» подстанциясын реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: