Патрис Лулумба көчөсүндөгү рейд: 214 объект демонтаждалды
Бүгүн, 2025-жылдын 13-январында, жарандардын кайрылууларынын негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы П. Лулумба көчөсүндө рейд өткөрдү.
Рейдке Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардык муниципалдык инспекциянын адистери, «Тазалык» ишканасы жана МАБнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Алсак, рейддердин жүрүшүндө уруксатсыз орнотулган жарнамалар: белгиленген стандарттарга жана талаптарга жооп бербеген 147 баннер жана 67 мамычалар демонтаждалган.
Бул чаралар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, жол коопсуздугун жогорулатууга жана жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/