Инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жол-жобосундагы айрым өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайт.
Атап айтканда, ыкчам тариф боюнча кызмат көрсөтүүнү тандап алган учурда арыз келип түшкөндөн тартып 24 саатка чейин Кыргыз Республикасынын электрондук визасын тариздөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилүүдө.
Кыргыз Республикасына ишкердик, туристтик же жеке мүнөздөгү башка максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү ж.б.) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн бир жолу/көп жолу кирүү/чыгуу менен 90 күнгө чейинки мөөнөткө “Сапар визасы (“J” тиби)” жаңы категориясындагы визаны тариздөө мүмкүнчүлүгү ачылат.
Буга чейин колдонулган “ишкердик”, “туристтик”, “тоо туризм” категорияларындагы визалар жоюлат.
Жогорудагы жаңылыктар 2025-жылдын 22-январынан баштап “Электрондук виза” порталында жеткиликтүү болот.
Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасына сапарларды алдын ала пландаштыруу өтүнүчү менен кайрылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/