Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айылында 13-январда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет жана бардык зарыл эмеректер менен жабдылган. Бул маанилүү социалдык долбоор саламаттык сактоо министринин демилгеси менен “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды.
Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Мураталиев жана Гулкан Молдобекова, “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, ошондой эле Чолпонбай айылынын тургундары жана Талас облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.
Чолпонбай айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 7906 адамга, анын ичинде 177 наристеге жана 89 кош бойлуу аялга медициналык кызмат көрсөтөт.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев ачылыш аземде сөз сүйлөп, “Ас-Сафа” фондуна колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал бул объекттин ишке кириши жергиликтүү тургундар үчүн медициналык тейлөө шарттарын жакшыртууга олуттуу салым кошо турганын белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/