Буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча Кыргызстандын чемпиондору белгилүү болду
Кыргызстан боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча чемпиондордун ысымдары белгилүү болду. Бул туралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Анисимов Алексей жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Окенов Таалай.
Алексей мырза 2024-жылы эгилген буудайдан 1 гектардан 86,0 центнер түшүм алган.
Таалай мырза болсо 2019-жылы отургузулган чычырканактан 1 гектардан 70,0 центнер түшүм жыйнап, 1 млн 400 миң сом киреше тапкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/