Нарында бетон заводу ишке кирет – ИА Караван Инфо
Нарында бетон заводу ишке кирет

Нарында бетон заводу ишке кирет, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, саатына 70-80 м3 бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушун жаз айында баштоо пландалып жатат. Мындай маалыматты “Оливин” жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары–ЖЧК) өкүлдөрү КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

А.Сапаров облустун аймагындагы ишканалардын иштөөсүнө мамлекет тарабынан бардык мыйзамдуу шарттар түзүлүп, колдоого алынарын белгиледи.

Учурда бетон аралаштыруучу 4 атайын техника (бетономешалка) келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-сентябрынан баштап Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин-2” участогунда “Оливин” ЖЧКсынын саатына 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу бар, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводу иштеп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: